БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында "Мото айым — 2017" сынагы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара 2-сентябрь күнү "Перцы" мото барында өткөнү жатат.
Сынак үч этаптан турат. Алгач катышуучулардын жол эрежеси боюнча билими текшерилсе, экинчи этапта айымдар мотоциклди канчалык мыкты башкарарын көрсөтүп беришет. Ал эми үчүнчү этапта сулуулардын мотоцикл менен түшкөн сүрөтү добуш берүүгө коюлат.
Азырынча сынакка 100гө чукул кыз-келиндердин катышуусу пландалууда. Алдыңкы орундарды алгандарга баалуу белектер ыйгарылып, биринчи орунду камсыздаган катышуучуга мотоцикл тапшырылат.