БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатка кыргызстандык балбандардын биринчи тобу учуп кетти. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, Францияда өтө турган дүйнө биринчилигине Кыргызстандын атынан 19 балбан катышат. Алардын ичинде эркин күрөш боюнча жети, грек-рим күрөшү боюнча сегиз жана кыздар арасындагы күрөш боюнча төрт спортчу бар. Мелдешке курама команданын биринчи тобу 19-август күнү таңга маал учуп кетти.
Федерациянын вице-президенти Асылбек уулу Дамирбектин айтымында, биринчиликке күчтүү балбандар кетти.

Күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатка кыргызстандык балбандардын биринчи тобу учуп кетти

Францияда өтө турган дүйнө биринчилигине Кыргызстандын атынан 19 балбан катышат

Алардын ичинде эркин күрөш боюнча жети, грек-рим күрөшү боюнча сегиз жана кыздар арасындагы күрөш боюнча төрт спортчу бар. Мелдешке курама команданын биринчи тобу 19-август күнү таңга маал учуп кетти.

"Чемпионатка кетип бара жаткан спортчулардын көпчүлүгү дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерге катышкан балбандар. Ошондуктан буюрса байгелүү келишет деп үмүт артып жатабыз", — деди Асылбек уулу Дамирбек.
Күрөштүн үч түрү боюнча дүйнөлүк чемпионат Париж шаарында 21-августтан 27-августка чейин болмокчу.