БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Ош шаарында 25 жаштагы эркек ишини өлтүрүп, унаасын айдай качкан эки бала кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө караганда, 11-август күнү саат 22:30дар чамасында Ноокаттын Ак-Терек айылынын Кескен-Бел аймагынан күч колдонулуп өлтүрүлгөн эркек кишинин сөөгү табылган. Ыкчам тергөөчүлөр ал буга чейин изделип жаткан Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи шаарчасынын 25 жаштагы жашоочусу экенин аныкташкан. Ал эми ага таандык Lexus IS200 үлгүсүндөгү унаасы Бишкектин Свердлов районундагы булгары заводунун жанындагы бак-дарактардын арасынан табылган.
Шектүүлөрдүн берген көрсөтмөсүнө ылайык, балдардын бири 29-июлда Балыкчыдан Ош шаарына келип, аскерде бирге кызмат өтөгөн достору менен жолугушкан. Акчасы жок калганда бир досу менен жолугуп, унаа уурдап сатуу тууралуу макулдашышкан. Алар 5-август күнү саат 20:30дар чамасында Оштун Анар кичи шаарчасына келип, жолдун четинде токтоп турган Lexus IS200 унаасынын айдоочусунан Аравандын Гүлбаар айылына жеткирүүнү суранышкан. Бирок айтылган дарекке жетпей айдоочуну муунтуп өлтүрүшкөн.
Андан соң унааны айдап Бишкекке келишкен да, 26 жаштагы бөлөсүнөн сатып берүүнү суранган. Бирок ал макул болбогондуктан, унааны булгары заводдун жанына токтотуп кетишкен.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.