Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Шейшемби күнү Бишкек менен Ошто жамгыр себелейт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ысык-Көлгө кыш келдиби? Мөндүрдөн кийинки көл жээгиндеги көрүнүштүн видеосу - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлгө кыш келдиби? Мөндүрдөн кийинки көл жээгиндеги көрүнүштүн видеосу
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй менен Талас өрөөнүндө 20…25 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 26…31 градус, Ысык-Көл менен Нарын аймагында 20…25 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаары менен Ошто өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы 28-31 градуска чейин ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0