БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Оңдоо иштерине байланыштуу Чүй облусунун айрым жерлеринде жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.
Көгүлтүр от төмөндөгү аймактарда убактылуу берилбейт:
- 11-августта саат 8:00дөн 17:00гө чейин Ленин айылынын Восточная көчөсүнөн №361, 453 үйлөрүндө жана Токмок шаарынын Шамсинская көчөсүнүн №1-23 үйлөрүндө;
- 14-августта саат 8:00дөн 17:00гө чейин Токмок шаарынын Өзбек (№103-115 үйлөр), Пролетарская (№92-98 үйлөр), Казакстан №172-182, Шамсинская (№151 үй) көчөлөрү;
- 14 —15-августта Бишкек шаарынын Бакаев көчөсүндөгү "Чапай" үйү;
- 15-16-августта Бишкек шаарынын Салиева, Лермонтов, Фрунзе, Кантемировская көчөлөрүнүн ортосу;
- 16-17-августта Бишкек шаарынын Каралаев көчөсүндөгү №25-27 үйлөр.
"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы бул аракеттердин бардыгы калкты газ менен туруктуу камсыздоо үчүн жасалып жатканын эскертет.