Бишкектин жарык өчүрүлө турган аймактарынын тизмеси

© AFP / SEBASTIEN BOZONЭлектр лампасы. Архив
Электр лампасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарык оңдоо иштеринин улам өчүрүлүүдө

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Борбор калаанын бир катар аймактарында 9-августта жарык болбой турганы "Түндүкэлектр" ишканасынын сайтында маалымдалат.

Саат 9:00дөн 18:00гө чейин 8-кичирайондо (№№ 1, 1Б, 1А, ¼ үйлөр), Чыгыш-5 аймагында жана Учкун конушунда жарык жок болот.

Замена старых изоляторов сотрудниками НЭСК - Sputnik Кыргызстан
CASA-1000 долбоору: электр чубалгыларын Пакистанга тартуу үчүн тендер жарыяланды
Ошондой эле Эркиндик, Щербаков, Сыдыков, Исанов, Керимбеков, Токтогул, Ахунбаев, Байтик баатыр, Попов, Жантөшев, Тыныстанов, Садырбаев, Масалиев, Миң-Куш көчөсү менен Манас проспектисинде электр энергиясы болбойт.

Ал эми саат 9:00дөн 17:00гө чейин Мурас-Ордо, Касым, Арча-Бешик жаңы конуштарында, (Чатыр-Көл, Баба-Ата, Айылчиев, Садырбаев көчөлөрүнүн төрт бурчтугунда) Ак-Өргө (Саадак, Мажүрүм-Тал көчөлөрүндө), Достук кичи районунда жана Абай көчөсүндөгү №115 үйдө жарык жок болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0