00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
18:51
9 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
100 лет КНУ: как главный вуз страны меняется и вдохновляет - разговор с ректором
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ресторандар үчүн фискалдык программалык камсыздоо деген эмне — Салык кызматы пилоттук долбоорду ишке киргизди
11:04
27 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Финансыны туура башкаруу канчалык маанилүү?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Между возможностями и тревогами: ЕАЭС и китайский фактор
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
600 үгүтчү алган талапкерлер бар – ЖК шайлоосунун үгүт өнөктүгү кандай жүрүүдө?
13:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Никени каттоо боюнча жаңы жагдайлар жана жарандардын кайрылуусу
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Студенческий клуб «Беркут» при КРСУ: взгляд в прошлое, который меняет будущее
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Мыкты окуп президенттен сыйлык алган Рахима Кубатбекова
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
ЕАЭС вводит электронные пломбы: что это значит для перевозчиков
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Ишкерликте кадр маселеси мааниүүлүбү?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Никени каттоо боюнча жаңы жагдайлар жана жарандардын кайрылуусу
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. 2040-жылкы Олимпиада Кыргызстанда өтөбү

© Фото / Александр ФедоровОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече күн мурун ишкер Бабур Тольбаев өзүнүн Facebook баракчасына кишини ойлонто турган пост жазыптыр. 2040-жылкы Олимпиаданы өткөрүүгө Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү жетеби дейт.

23 жылдан кийин дүйнөнүн мыкты спортчуларын Кыргызстанга чогултуш үчүн 2028-жылы Лос-Анжелес шаарында өткөн Олимп оюндарынан кийин уруксат алышыбыз керек. Ага болгону 10 жылдай убакыт калыптыр.

Мындан улам Кыргызстан өсүп-өнүгүү үчүн эмне кылып жатабыз деген суроо туулат. Анализдеп көрүү үчүн бүгүнкү "Бурадарыбызга" жалаң жетишкендиктерди, келечектен үмүттөндүргөн жаштарыбыз жөнүндө жаздым.

Чү дегенде эле Ош шаарындагы жаңы веложолду айткым келип турат. Шаарды аралап аккан Ак-Буура дарыясын бойлой узундугу 2,6 чакырымды түзгөн веложол курулду. Жакында ачылышы болот. Курулуштун асмандан тартылган көрүнүшү тим эле көз жоосун алат. 

"Темир айымдын" туулган күнү. Социалдык тармактардын бир бөлүгү Оштогу веложолго кызыгып жатса, экинчи бөлүгү кезинде далай аткаминердин жүрөк үшүн алып, "Темир айым" атка конгон Аида Салянованын туулган күнү менен куттуктап жатышты. Кечээ 45 жашка толгон Аида айым тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги көпчүлүк билип-биле бербеген фактыларды тизмектеп чыкты. Көрсө ал окуучу кезинде ыр жазып, эмгеги шаардык гезитте жарык көрүптүр.

ММА боюнча белгилүү мушкер Самат Эмилбеков болсо 12-ноябрда Сербия мамлекетинде өтө турган мелдешке даярданып жатат. Анда европалык жергиликтүү спортчу Марко Радакович менен чемпиондук курду талашмакчы. Спортчу менен кабарчы Гүлдана Талантбекова маектешти.

© Sputnik / Жоомарт УраимовММА боюнча белгилүү мушкер Самат Эмилбеков
Боец ММА Самат Эмилбеков - Sputnik Кыргызстан
ММА боюнча белгилүү мушкер Самат Эмилбеков

"Азия жолборсу" атка конгон Самат атаандашты аео дегенди билбей турганын айтыптыр. Эми Сербияга ушул дух менен барып, Кыргызстандын желегин желбиретип келет деп ишенип туралы. 

Ал эми азырынча танк биатлончуларыбыздын ийгилиги кубандырууда. Эл аралык армия оюндарынын алкагында өтүп жаткан Танк биатлонунда кыргызстандык танкачылар марага экинчи болуп келишти.

Акыркы кездерде кыргызстандык дизайнерлер дагы кулак сүйүнтө башташты. Бири италиялыктарга бут кийим, япондорго саат жасап берсе, экинчиси бамбуктан ширенин банкасын жасап, кытайларды дүрбөлөңгө салды. Ал эми бүгүнкү каарманыбыз Миррахим Опош салттуу маданияттын тарыхын тереңден казып, ошону менен бирге бүгүнкү күн менен кадамдаш жүрүп, мырзалардын кийимин жасап жатканына төрт-беш жылдын жүзү болду. "Шерден" мода үйүн негиздеген таланттуу жигит менен Шаакан Токтогул маектешип, анын жан дүйнөсүн ачып берди.

Баса, туугандар, жайдын сапары карып баратат. Бирок эс алууга убактыбыз бир аз да болсо бар. Мисалы бүгүн күн жылуу, жаан-чачын күтүлбөйт. Жайдын акыркы айынан ырахат алыңыз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.25 (сатып алуу) жана 69.30 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 37.70 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 40.50 сом, ал эми дизель майы 35.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Олимпиада демекчи, мекенибизге дүйнө элин жакшы шылтоолор менен чогултуп туруу биздин колдо.

Баарыбызга күч-кубат тилеп Бегимай Бакашева.

Жаңылыктар түрмөгү
0