Эркин журналист. 1989-жылдын 27-мартында Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында туулган. Кербен шаарындагы лицей-интернатты аяктап, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин социлогия бөлүмүн 2012-жылы аяктаган. 2011-жылдан тартып жалпыга маалымдоо каражаттарынын гезит жана телетармактарында иштеп келет.
Агайын-туугандан башка жакындарга мамиле кандай болгон. Кадырлаштын кадыры, сапарлаштын санаты кайсы? Кызык болсо улай окууну колумнист Шаакан Токтогул сунуштоодо.
Бүгүн Кыргызстан көз карандысыздыгынын 29 жылдыгын белгилеп жатат. Колумнист Шаакан Токтогул адамзат жашоосундагы эң улук, эң бийик түшүнүк — эгемендик тууралуу кеп салды.
Табиятынан сабырдуу кыргыз, кандай кырдаал болбосун сабыр сактап, узакты болжогон. Кандай кырдаал болбосун эсин жоготкон эмес. Бүгүн биздин колумнист эс тууралуу жазууну чечти.
Колумнист Шаакан Токтогул өмүрдүн таттуулугун, бирок күнүң бүтүп ичер сууң түгөнсө, ажалга эч ким арача боло албай турганын жазып, баарыбызды иргеген улуу күчтүн сыноосуна чалынбоого чакырык таштаган.
23-февралды Мекенди коргоо күнү деп белгилеп келебиз. Жигиттердин, баатырлардын, шерлердин, дегеле эркектердин элдин тагдырын калчаган оош-кыйыштуу замандагы эмгеги зор. Азыркы коомдо да бул калктын орду опол тоодой.
Бул ирет колумнист Шаакан Токтогул кишини бир карап тулку боюнан, турган турпатынан, сүйлөгөн сөзүнөн кандай экенин билип койгон сынчылар жана жалпы сынчылык касиет тууралуу ой бөлүштү.
Колумнист Шаакан Токтогул ууру деген кыргыз коомунда ким, уурулук тууралуу кыргыздагы түшүнүктөр тууралуу кеп салды. Кызыкпы, анда улай окуӊуз...
Жер бетинде сегиз миллиондон ашык жан-жаныбар түрү жашайт. Тоодогусу тоодо, ойдогусу ойдо, суудагысы сууда, чөлдөгүсү чөлдө күн кечирип келет. Колумнист Шаакан Токтогул түмөн түр жандыктын ичинен кыргыз табиятында өзгөчө орунга ээ кайберен тууралуу сөз кылмакчы.
Кыргызда назары түштү, назары тийди, назарын салды деген түшүнүктөр бар. Назар деген өзү эмне? Назары түшсө эмне болот да назар тийген кандай болот? Бул тууралуу колумнист Шаакан Токтогул учкай ой жүгүрткөн.
Колумнист Шаакан Токтогул аялзаты пайдаланып келген сулуулук каражаттарын тизмектеп, алар мээрими төгүлүп турган жароокер жандын гана ажарын арттырат дейт.
Айтаарга сөзүң болсо, сүйлөгөнгө не жетсин. Бүгүн дал ушул ооз тууралуу Шаакан Токтогул кезектеги колумнистикасын сунуштап турган чагы.
Уста десе жыгач кармаган же темир иштеткен кишини элестетебиз, албетте. Бирок уста деген түшүнүк өтө кеңири мааниге ээ. Андан ары ой жоруп көрөлү, чогуу күбө болуңуздар...
"Кишинин көркүн көз ачат" деген кеп бар. Дал ушул көз тууралуу көөнө кептен колумнист Шаакан Токтогул азыраак кеп салды.
Колумнист Шаакан Токтогул илим менен техниканын ири агымында жашасак да элдик оюндардын, анын ичинде балдар оюндарынын орду чоң экенин унутпасак дейт.
Бал кымыз, тунма кымыз, сөөк кымыз, гүл кымыз... Бүгүн колумнист Шаакан Токтогул дал ушул улуттук суусундуктун аки-чүкүсү тууралуу кенен айтып бермекчи.