Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. 7-августта өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөй турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Чүй облусунда абанын температурасы 32…37 градуска чейин жетсе, Таласта 30…35ке чейин көтөрүлөт. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында 33…38 градус ысык болору болжолдонду. Ысык-Көлдө 25…30, ал эми Нарында 26…31 градус ысык болот.

Бишкек менен Ош шаарларында күндүн табы 35…37 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0