— Алло?
—…
— Угулуп жатабы? Айыл апа кандай, тынч жатасыңбы? Табият кырсыктарынан оолак элесиңби? Тоолоруң, сууларың, "Бозумчак" алтын кениң, мээнеткеч асыл элиң аманбы?
Сага айтчу жаңылыгым көп, айылым. Арзып келип окуган, туз буйруп иштеп жаткан Ош мамлекеттик университетинин жамаатынын колдоосу, жетекчиликтин ишеними менен социалдык жана тарбия иштери боюнча проректор болуп дайындалдым. Ош шаарынан устат күттүм, дос таптым, шакирт тарбиялап жатам. Өзүмдөй айылдан келген кыргыздын улан-кыздарын окутуп, элге-журтка пайдасы тийсе экен деген аруу тилек менен жашап жатамын.
Айыл апа, сенде менин бактылуу балалыгым өттү.
Мени балапанындай калкалаган чоң энем…
Эсимде… Коңшулардын үйүнө качып кетип, кечкурун Сабира эжем үйгө алып келчү. Ар күнү кечинде атамдан уруш угуп, экинчи кайталабайм дейм да, эртеси унутуп дагы качып кетем. Чоң энем ырахматы атам экөөбүзгө арачы түшчү, "Кой, бала да, эси киргенде адаты калат" дечү.
Мектепте окудум, тарбияландым, дүйнөгө болгон көз карашым калыптанды. Баса, мектеп демекчи, 11 жыл мектепте бирөө менен жакалашып урушпай, жакшы окуп бүтүрдүм. Бир жолу ушундай окуя болду. Мектеп директорубуз Абдимухтар Абдиназаров агайбыз 6-классыбызда кыргыз адабияты сабагынан кирип калды. Үйгө тапшырма "Кожожаш" эпосун жаттап келүү, сюжетин айтып берүү эле. Класс боюнча жалаң эркек балдар окуп келбептирбиз, журналдагы тизме менен сурап, баарыбызды тургузду да "оку, оку, оку" деп кулагыбызга чертип чыкты. Менин биринчи жана акыркы жолу мугалимден уруш укканым, таяк жегеним ошол болду.
Барпынын 154 сабы акын кылган жок… бирок обонго оодум
Бооруңда чоңойткон уул-кыздарыңдын арасынан үчүнчү болуп илимдин кандидаттыгын коргодум. Мага чейин биринчи болуп маркум авабыз экономика илимдеринин кандидаты, профессор Турсумамат Маралов коргоптур. Андан кийин филология илимдеринин кандидаты, доцент Салима Рысбаева эжебиз илимий ишин ийгиликтүү жактады. А мен болсо агам менен эжемдин жолун уладым.
Жакшылыктарыма ортоктош болгон Көк-Ташым
Көк-Ташта "Бозумчак" алтын кени ачылганда элибиздин ырыскысы көбөйсүн деп сүйүнгөнбүз. Сууңду ичип, абаңды жутуп чоңойгон уулдарың бир күнү көчөлөрүңдү жаркыратып, жолуңду асфальттап, оорукана, мектептерди жаңылап беребиз. Бүгүн ар кимибиз өз түйшүгүбүз менен алпурушуп, сени унутта калтырдык…
Кайран гана менин Көк-Ташым, эртедир-кечтир сага барабыз…