Биздин карман Ош облусунун айтылуу Кара-Суу районундагы берекелүү Савай айылында жарык дүйнөгө келген.
Айылда өткөн балалык доорго салам жолдойм
Балалык кезим Кара-Суунун Савай айылында өткөн. Мал багып, кой кайтарган Өр-Дөбөгө качан барсам да бир жолу чыгып, таза абасынан кере-кере жутуп алгым келет. Биздин балалык мээнет менен өткөн. Анткени айылыбыздан 10 чакырым нары аралыкта Советабад шаары жана 10 чакырым тигил жакта Кара-Суу шаары турат. Бадыраң, помидор эгип ошол шаарга алып барып сатчубуз. Сентябрдын алгачкы күндөрүнөн баштап эле пахта теримге чыгып кетип, ошону менен тээ кыш башталганга чейин талаада иштечүбүз. Биздин район республикадагы эң ири район болгондуктан, айыл чарба продукциясы да ошончолук кенен өстүрүлгөн. Ойлоп көрсөм, ошол бала кездеги мээнет бизди чыйралтып, турмуштук сыноолорго чыдамкай кылган экен. Албетте, чогуу өскөн досторум, классташтарым менен азыр да урмат-сыйда болуп, тез-тез катташып турабыз. Арасында кыяматтык досторум да бар.
Ата-энем менин турмуштук энциклопедиям
Бала кыял кимди гана ар тарапка жетелеген эмес, чоңойсом атама окшоп, бала окутуп мугалимдик кылам дечүмүн, кээде космонавт, кээде милиционер болсом деп да кыялданаар элем. Атам 35 жылдан ашык мугалимдик кесипти аркалады. Кошуна айылдагы мектепке жумушка барып келиши үчүн жети чакырым аралыкты басып келээр эле, мен болсо атамды көчөгө чыгып күтө берчүмүн, күтө берчүмүн… Апам аябай сөздү таап сүйлөгөн, чечен аял эле. Ошол мезгил жашоомдогу эң таттуу күндөрү экен, анткени ата-энеме эркелеп, алардын тарбиясын алып, маңдай тер менен тапкан нанын жеп чоңойдум. Атам акча менен эмес, акыл менен тарбиялады. Аттиң, бүгүн ата-энемдин көзү тирүү болгондо аларга "кызмат көрсөтүп, бапестейт элем" деп өксүй берем. Жайлары жаннаттан болсун, экөө тең дүйнө салышкан. Бирок алар менин турмуштук энциклопедиям болуп кала берет.
Чагымда, 4-класста болсо керек. Классташ балдардын ичинен, ал тургай кээ бир кыздардан да боюм кичинекей эле. Ошондон уламбы, ким менин боюма асылса сазайын берчүмүн. Беттегенин бербеген мүнөзүм ошондон калган окшойт. Жаш баламын да, боюмдун кичинекейлигине нааразы болуп дене тарбиядан берген Акматали агайыма "боюмду кантип узартам" деп ыйлаганым эсимде. Акматали агай бир аз ойлонду, балким, жубатыш үчүнбү, "спорт менен машык, турникке көп-көп тартыл, чурка, сабиз жесең анан боюң өсөт" деди. Ошол ошол болду, а мен спортко ыктай баштадым. Максат — бойду узартуу эле. Күндө 10 чакырым жүгүрүп, 2-3 саат турникке тартылчумун. Азыр ойлосом, боюмдун узун болушун эмнеге мынча кааладым экен дейм да. Бирок ошол өжөрлүктүн жыйынтыгыбы, балким Кудайдан болдубу, бир жылда боюм 10 сантиметрге узарган. Учурдан пайдаланып бардык эжеке-агайларыма ысык салам жолдоп кетем, арасынан тиги дүйнөгө кеткендери да бар, алардын арты кайырлуу болсун.
Ордолуу Ош — касиеттүү, берекелүү жер
Мен туулган Кара-Суу району Ош шаарына жакын болгондуктан, балалыгым Ош менен тыгыз байланышып, жүрөгүмө жакын. Оштон алыстаган жокмун, балалыктын учкундары азыркыга чейин көз алдымда. Ордолуу Ош Кудай берген берекелүү жер. Шаарды аралап аккан Ак-Буура дарыясы, так ортодо орун алган Сулайман-Тоосу, элимдин меймандостугу, мээнеткечтиги менен сыймыктанам.
Мени дагы бир кубанткан нерсе — туулган айылым, үйүм, туугандарым, досторум, иштеген кызматым — баары бир эле аймакта. Сезген кишиге мындан өткөн бакыт болбосо керек…