БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. "Интер" клубунун оюнчусу Жоффруа Кондогбья "Челси" командасы менен "Чемпиондордун эл аралык кубогу" мелдеши учурунда оюн талаасынын ортосунан тепкен тобу өз дарбазасына кирип кетти. Бул автогол YouTube сайтына жарыяланды.
Оюндун 74-мүнөтүндө эсеп 2:0 болчу, бирок Кондогбья берилген топту алып, аны дарбазачыга кайта тепкен. Бирок, топ дарбазачыдан ашып кетип, кирип кеткен. Айрым интернет колдонуучулар аталган голду эң акылга сыйбаган гол катары быйыл эсепке алуу керектигин белгилешүүдө.
Ошентип Сингапурда өткөн оюн 2:1 эсебинде "Интер" командасынын пайдасына аяктады.