БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Ноокенде 29 жаштагы аял токко урунуп каза болгонун ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын адиси Акылбек Ботобеков билдирди.
Анын айтымында, 29 жаштагы маркум мындан 15 күн мурун Аксы районунан Ноокендеги Сакалды айылына келин болуп келген.
"Келин конок тосууга даярданып жүргөн экен. Кудуктан суу ала коем деп кокустан насостун тогуна урунуп калган. Ооруканага жеткирилгени менен дарыгерлер өмүрүн сактап кала алышкан эмес", — деди Ботобеков.
Маркумдун сөөгүн туугандары алып кетишкен.