БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Бишкектик жаш кыздарды шантаж кылып акча талап кылган жарандын иши сотко өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын жаз айларында милицияга беш кыздан арыз келип түшкөн. Алар бейтааныш киши интимдик сүрөттөрдү "интернетке чыгарам" деп коркутуп акча алып жүргөнүн айтышкан. 6-июлда шектүү Бишкектен колго түшүрүлгөн. Июндун аягында иликтөө иштери аяктап, шаардык ИИБ ишти Биринчи Май райондук сотуна өткөрдү.
Айыпталуучу буга чейин бир нече жолу соттолгон. Ал ошондой эле ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган.