Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүКүн батыш. Архив
Күн батыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Ишемби күнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаап, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй менен Талас өрөөнүндө 31…36 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 33…38 градус, Ысык-Көл, Нарын облустарында 26…31 градус ысык болот.

Ош калаасы менен Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 38 градуска чейин ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0