БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызстандык бийчи Марат Сыдыков Россиянын башкы театрында өткөн балет жана хореография боюнча эл аралык мелдеште үчүнчү орунду алды. Бул тууралуу PROArt чыгармачыл бирикмеси билдирди.
Жалгыз бийлөө боюнча эң мыкты делип казакстандык бийчи Бактияр Адамжан табылды. Экинчи орунду Мяоюань Ма алса, кыргызстандык Марат Сыдыков үчүнчү болду.
Аталган конкурс июнь айынын аягында өткөн. Мелдеште 27 мамлекеттен келген 200дөн ашык бийчи күч сынашты.