БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бишкекте жеңил унаа жол чийинден өтүп бара жаткан кызды коюп кетти. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Манас проспектисинде 24-июль күнү эртең менен болгон.
"Jeep Cherokee унаасы жол чийинде өтүп бара жаткан кызды өткөрүү үчүн токтогон. Ошол учурда артынан келе жаткан Honda жол тандабасты сүзүп, андан ары жол чийинде өтүп бара жаткан 16 жашар кызды коюп кеткен", — деп жазылат маалыматта.
Жабырлануучу шаардык үчүнчү балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген. Ал эми айдоочу окуя болгон жерден кармалып, унаасы айып короого токтотулду.