БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда Чычкан суусуна агып кеткен алты адам аман калды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, 13-июль күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 270 — чакырымында Toyota Ipsum үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, Чычкан суусуна түшүп кеткен.
"Унаанын ичинде алты жүргүнчү болгон, бактыга жараша эч кимиси зыян тарткан эмес. Суудан алар өздөрү чыгышкан", — деп жазылат маалыматта.
Унааны суудан чыгарганга куткаруучулар жардам беришкен.