БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев башка мамлекеттердин президенттеринин жубайлары менен кыздары кыргызстандык дизайнердин кийимдерин тандай турганын мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып билдирди.
Ал өз сөзүндө сыйлык алып жаткандардын арасында дизайнер Дильбар Ашимбаева да бар экенин айтты.
"Бизге башка мамлекеттердин президенттери келгенде алардын аялдары менен кыздары бул дизайнердин мода үйүнө сөзсүз түрдө баш багышат", — деди Атамбаев.
Президент бул жакшы көрсөткүч экенин баса белгиледи.