БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда эки унаа кагышты. Анын кесепетинен 13 адам жабыркап, бирөө каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, окуя Балыкчы — Кара-Кол унаа жолунун 101-чакырымында катталып, анда Mersedes-Benz менен Vito Minivan үлгүсүндөгү унаа кагышкан.
"Vito Minivan үлгүсүндөгү унаада 12 адам, ал эми Mersedes-Benz автоунаасынын ичинде эки адам болгон. Кырсыктан бирөө көз жумуп, 13ү жаракат алган. Жабырлануучулар райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды", — деп жазылат маалыматта.
Кырсык болгон жерге ӨКМдин төрт куткаруучусу барып, жаракат алган адамдарды унаалардан чыгарышып, Тез жардам кызматынын унаасына салып беришкен.