Аравандын тургуну: чоңдугу машинадай болгон таш аралаш сел келатканда тоого качтык

© Фото / Суйунбай ГулжигитовПоследствия селя в селе Кичи-Алай Араванского р-на
Последствия селя в селе Кичи-Алай Араванского р-на - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 10-июлда болжол менен саат 16.00дөрдө Аравандын Кичи-Алай айылынын Торпу участкасында сел жүрүп ондон ашуун турак жайды жарактан чыгарган. Бактыга жараша жашоочулар жабыркаган эмес.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кичи-Алай айылынын жашоочулары таш аралаш агып келе жаткан селди алыстан көрүп калгандыктан тоо тарапка качуу үлгүргөн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине айыл тургуну Узакбай Тойгонбаев билдирди.

"Жамгыр беш мүнөттөй жаап кайра эле басылган. Мен эгиндерге кирген суунун нугун буруп жүргөм. Анан эле жогору жактан дүрүлдөгөн добуш чыкты. Карасам кокту менен таш аралаш сел түшүп келе жатыптыр. Кошуналарга кыйкырып баарыбыз тоо тарапка качып чыктык. Дагы жакшы күндүзү болгону үчүн бала-чакасын көтөрүп чыгууга үлгүрүштү. Менин үй-бүлөм жайлоодо болчу. Үй, короо жайларыбыз жараксыз болуп калды. Эки-үч үйдүн дубалын жарып кириптир. Азыр төрт үй-бүлө бир үйдө жашап жатабыз. Сел түшкөн кокту адам басалбаган жык токой эле. Көлөмү унаадай болгон таштар түшүп токойдогу дарактардын баарын кырып түшкөн", — деди Тойгонбаев.

© Фото / Суйунбай ГулжигитовКичи-Алай айылынын жашоочулары таш аралаш агып келе жаткан селди алыстан көрүп калгандыктан тоо тарапка качуу үлгүргөн.
Кичи-Алай айылынын жашоочулары таш аралаш агып келе жаткан селди алыстан көрүп калгандыктан тоо тарапка качуу үлгүргөн. - Sputnik Кыргызстан
1/6
Кичи-Алай айылынын жашоочулары таш аралаш агып келе жаткан селди алыстан көрүп калгандыктан тоо тарапка качуу үлгүргөн.
© Фото / Суйунбай ГулжигитовЗатопивший дом после селя в селе Кичи-Алай Араванского р-на
Кичи-Алай айылындагы селдин кесепети - Sputnik Кыргызстан
2/6
Затопивший дом после селя в селе Кичи-Алай Араванского р-на
© Фото / Суйунбай ГулжигитовЗатопившие дома после селя в селе Кичи-Алай Араванского р-на
Кичи-Алай айылындагы селдин кесепети - Sputnik Кыргызстан
3/6
Затопившие дома после селя в селе Кичи-Алай Араванского р-на
© Фото / Суйунбай ГулжигитовЗатопивший дом после селя в селе Кичи-Алай Араванского р-на
Кичи-Алай айылындагы селдин кесепети - Sputnik Кыргызстан
4/6
Затопивший дом после селя в селе Кичи-Алай Араванского р-на
© Фото / Суйунбай ГулжигитовАвтомобиль пострадавший из-за селя в селе Кичи-Алай Араванского р-на
Кичи-Алай айылындагы селдин кесепети - Sputnik Кыргызстан
5/6
Автомобиль пострадавший из-за селя в селе Кичи-Алай Араванского р-на
© Фото / Суйунбай ГулжигитовВалуны после селя в селе Кичи-Алай Араванского р-на
Кичи-Алай айылындагы селдин кесепети - Sputnik Кыргызстан
6/6
Валуны после селя в селе Кичи-Алай Араванского р-на
1/6
Кичи-Алай айылынын жашоочулары таш аралаш агып келе жаткан селди алыстан көрүп калгандыктан тоо тарапка качуу үлгүргөн.
2/6
Затопивший дом после селя в селе Кичи-Алай Араванского р-на
3/6
Затопившие дома после селя в селе Кичи-Алай Араванского р-на
4/6
Затопивший дом после селя в селе Кичи-Алай Араванского р-на
5/6
Автомобиль пострадавший из-за селя в селе Кичи-Алай Араванского р-на
6/6
Валуны после селя в селе Кичи-Алай Араванского р-на

Ал эми Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйүнбай Гүлжигитов учурда жаратылыш кырсыгы катталган айылда 21 үйгө кооптулук жаралганын билдирди.

Аравандын Кичи-Алай айылындагы селдин кесепеттери - Sputnik Кыргызстан
Аймактардагы сел кесепети: талкаланган унаалар менен иштен чыккан көпүрөлөр
"Азыркы тапта бөгөлүп калган жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Таш аралаш сел адамдын кучагы жетпеген дарактарды дагы тамыры менен жулуп, агызып кетиптир. Айыл аксакалдары буга чейин бир да жолу мындай сел болбогонун айтып жатышат. Кичи-Алай айылында 150 түтүн эл бар. Ал эми сел каптаган Торпу участкасында 11 турак жай жайгашкан", — деди Гүлжигитов.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча 8-9-июль күндөрү катуу ысыктан улам тоодогу мөңгүлөр ээрип суунун көлөмү көбөйгөн. Натыйжада сел жүрүп, Аравандын Кичи-Алай айылынын Торпу участкасында сегиз турак үйдүн короосун каптаса, үч турак-жайды авариялык абалга алып келген. Мындан сырткары, 400 түк чөптү, Нива жана Жигули жеңил унаасын, ГАЗ-53 жана ЗИЛ жүк ташуучу унааларын агызып, бир кампаны жана эгилген эгиндерди жараксыз абалга алып келген.

Ушул эле айылдын Кызыл-Шоро участкасында сел алты турак жайдын айланасын каптап эки мал сарайдын жана бир турак үйдүн ичине кирген. Учурда суунун нугун буруу иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0