БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Англияда кыз болочок күйөөсүн кемпирди тоногону үчүн полицияга берди. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя Англиянын батышындагы Уэст-Мидленд аймагында болгон. 38 жаштагы Стивен Рид шериги менен 91 жаштагы кемпирди тоноп кеткен. Анын арасында алтын шакек дагы болгон. Аны сүйгөнүнө үйлөнүү үчүн сунуш киргизгенде белек кылган.
Кийин ал аталган шакек уурдалган буюмдардын катарында экенин билип, болочок күйөөсүн полицияга берген. Текшерүү учурунда анын бармак издери кылмыш болгон жердеги буюмдардын биринде калганы аныкталган.
Сот Риддини күнөөлүү деп таап, 4 жыл 9 айга эркинен ажыраткан. Ал эми Риддин шериги 4 жыл 3 айга кесилген.