Бишкектеги Ата-Түрк сейил багында ColorFest аталышындагы түстөрдүн фестивалы өткөрүлдү.
Гамбургда "Чоң жыйырмалык" саммитинин алкагында Россия президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамптын алгачкы жолугушуусу болуп өттү.
Алтайдын Кер-Кечүү талаасында ат оюндары боюнча республикалык турнир өттү. Анда биринчи жолу көк-бөрү оюнунда улактын ордуна муляж тартышты.
Кытайдын Хайнань провинциясында "Улуу жүрүш 5" ракетасы ишке киргизилди.
Япониянын түштүк-батышында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп 16 адамдын өмүрүн алып кетти.
Япониялык Ватанабэ Масанао 20 жылдан ашуун чогулткан эски уюлдук телефондордон дубал тургузду.

"Филиппин сулуусу" сынагынын катышуучулары

2/13
© Фото / Владислав Ногай
Бишкектеги Ата-Түрк сейил багында ColorFest аталышындагы түстөрдүн фестивалы болуп өттү. Иш-чаранын программасынын алкагында ар кандай сынактар уюштурулуп, бий топторунун өнөрлөрү тартууланган. Эң башкысы катышуучулар бири-бирине атайын боекторду чачып ойношкон

Гамбургда "Чоң жыйырмалык" саммитинин алкагында Россия президенти Владимир Путин менен АКШ лидери Дональд Трамптын жолугушуу учуру

Алтайдын Кер-Кечүү талаасында ат оюндары боюнча өткөрүлгөн республикалык турнирдеги улакчы. Анда биринчи жолу улактын ордуна муляж тартышты

Париждеги модельер Айрис ван Херпендин коллекциясын тартуулоо учуру

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын "Хвансон-14" баллистикалык ракетасы сыноодон ийгиликтүү өткөндөн кийинки реакциясы

Белоруссиянын техникалары Минскидеги парадда. Республиканын көз карандысыздыкты алган күнүн майрамдоо учуру

Кытайдын Хайнань провинциясында "Улуу жүрүш 5" ракетасы ишке киргизилди

Гамбургда G20 саммити өтүп жаткан жердеги "1000 Gestalten" нааразычылык акциясы

Япониянын түштүк-батышында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Мунун кесепетинен расмий маалымат боюнча 16 адам набыт болгон

Тореадор (Испанияда - бука менен кармашуучу киши) Гонсало Кабальеро Памплонадагы Сан-Фермин фестивалында. Салтка айланган бука менен жарышуу оюнуна 16 миңге жакын адам катышты

Маравиге (Филиппин) эвакуацияланган качкындардын балмуздакка болгон кезек талашуусу

Япониянын Токио шаарында элктрондук дүкөндүн ээси Ватанабэ Масанао 20 жылдан ашуун эски уюлдук телефондорду чогултуп андан дубал тургузган.
