БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков "CASA-1000" долбоорунун алкагында өтүүчү саммитке катышуу үчүн Тажикстанга жөнөп кеткенин өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
"Душанбе" эл аралык аэропортунда өкмөт башчыны Тажикстандын вице-премьери Азим Иброхим тосуп алды.
Маалыматка караганда, аталган иш сапардын алкагында Жээнбеков Афганистандын президенти Ашраф Гани жана Тажикстан лидери Эмомали Рахмон менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.