Нурсултан Назарбаев 77 жашта! Эл башы тууралуу кызыктуу 15 факты

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүПрезидентские выборы в Казахстане
Президентские выборы в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 6-июлда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 77ге чыкты. Кыргыздын канчанкы кездеги экс-кан кудасы, беш килограмм салмак менен төрөлүп, президент эмес учкуч болууну кыялданган Казакстандын лидери — "Елбасы" Кыргызстанга жат адам эмес.

Sputnik Кыргызстан агенттиги боордош элдин ажосу Назарбаев тууралуу кызыктуу 15 факты сунуштайт.

1. Назарбаевдин туулган күнү борбор калаа Астананын күнү менен дал келет. Ал эми тун кызы Дарига Назарбаеванын жарыкка келген күнү 7-майда Казакстанда Мекенди коргоо күнү майрамдалат. 

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүНурсултан Назарбаев үй-бүлөсү менен
Нурсултан Назарбаев с семьей - Sputnik Кыргызстан
Нурсултан Назарбаев үй-бүлөсү менен

2. Болочок президент 5 килограмм салмак менен төрөлгөн. Нурсултан деген ысымды ага чоң энеси ыйгарган.

3. Бала кезинде учкуч болууну кыялданган. Мектепти бүткөндөн кийин химик болууну ойлонгон.

4. 22 жашында биринчи жолу чет мамлекетке чыккан, болгондо да Финляндияга барган. 

5. Жогорку билимдүү. Эмгек жолун 1960-жылы "Казметаллургстрой" ишканасында баштаган. 1990-жылы февралда Казак ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп дайындалган. 1991-жылы Казакстандын тунгуч президенти болуп шайланган. 

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүКПССтин XXVII съездинин делегаты
Делегат XXVII съезда КПСС Нурсултан Назарбаев - Sputnik Кыргызстан
КПССтин XXVII съездинин делегаты

6. 1989-жылдан бери Казак Республикасынын биринчи адамы. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен президенттик эки чылбыр бир тизгин узактан бери колунан түшпөй келе жаткан ажо.

7. Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин улуу баласы Айдар менен Нурсултан Назарбаевдин 18 жаштагы кызы Алия 1998-жылы баш кошуп, кыргыздар менен казактар куда болуп жатып калышкан. Бирок 2001-жылы жубайлар эки ача жолго түшкөн.

8. Элчилик милдетти аткарган "Елбасы". Россия лидери Владимир Путин Назарбаевге былтыр салкындап кеткен Россия-Түркия мамилесин кайрадан жакшыртууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирген. Ортодогу мамиле Түркия 2015-жылдын аяк жагында Сириянын аймагында Россиянын Су-24 учагын атып түшүргөндөн кийин бузулган.    

© Sputnik / Сергей Величкин / Медиабанкка өтүүНурсултан Назарбаев Владимир Путин менен Казакстандагы тоо лыжа курортунда
В.Путин и Н.Назарбаев на горнолыжном курорте в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Нурсултан Назарбаев Владимир Путин менен Казакстандагы тоо лыжа курортунда

9. Президент сергек жашоо образына үгүттөйт. Спорттун теннис, гольф, лыжа тебүү, күрөш түрү боюнча чебер. Өз кезегинде Россиянын биринчи президенти Борис Ельцин менен теннис боюнча бир үстөлдө өнөктөш болгон. Андан бери бир топ дүйнөлүк лидер, ишкерлер менен эл аралык мелдештерде күч сынашып, жаштарга тажрыйбасы менен бөлүшүп турат. Казакстанда Жыл сайын президенттин Кубогу үчүн теннис турнири өткөрүлөт.

10. "Эл басынын" үй-бүлөсү чыгармачылыкка жакын. Өзгөчө апасы Алжан Назарбаева жакшы ырдаган. Назарбаев бош убактысында домбурада ойноп, обон созот. Үч ыр жаратып, Казакстандын гимнин жазгандардын бири. 

© Sputnik / Анатолий Устиненко / Медиабанкка өтүүАлматыдагы "Казакстан" монументалдык-скульптуралык композиция
Монументально-скульптурная композиция Казахстан в Алматы - Sputnik Кыргызстан
Алматыдагы "Казакстан" монументалдык-скульптуралык композиция

11. Назарбаевдин эстелиги Алматыдагы президенттик паркта, Чолпан-Атада, аны менен барельеф Астанада, Украинада, Анкарада бар.

12. Анын аты Иорданиянын, Түркиянын, Чеченстандын, Казань шаарындагы көчөлөргө коюлган. Чеченстан республикасындагы лицейге аты ыйгарылган. Казакстандагы университет, мектеп, мамлекеттик мекемелер, Актөбөдөгү парк, жоогазындын түрү, орден Назарбаевдин атынан коюлган.

13. 2013-жылы Америкалык New York Times гезитине таандык About.com сайты Нурсултан Назарбаевди Азиядагы эң катаал башкаруучу (диктатор) атаган. Назарбаев расмий түрдө "Елбасы" ("Эл башы" — ред.) деген наамды алып жүрөт. 

© Фото / НАЦИОНАЛЬНЫЙ БАНК РККазакстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына карата Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү менен чыккан банкнота
Памятная банкнота с изображением Нурсултана Назарбаева, посвященная 25-летию независимости Казахстана - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына карата Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү менен чыккан банкнота

14. Казакстандын Кылмыш кодексинде өлкө башчыга кол салгандар өлүм жазасына кетээри тууралуу берене бар. Президентке кол салуу анын өмүрүн кыйбаса да, баары катаал — өлүм жазасына тартылат.

 

 

15. Кыргыз кызына ашык болгон Нурсултан Назарбаев. Ал жаш кезинде Кичи-Кеминге (Чүй облусу — ред.)досу Мараттын үйүнө көп каттачу экен. Марат казак кызына үйлөнгөндө Нураке тойдон Турсунай аттуу кыз менен таанышып калат. Назарбаев бир топ жыл кыз менен ашыктык каттарын алышып, кийин колун сураганда, андан окуумду бүтүп алайын деген жооп уккан… Бул тууралуу кинопродюсер, сценарист Өмүрзак Төлөбеков билдирди. Ошентип, азыркы "Елбасы" болжол менен мындан 58 жыл мурда аз жерден Кыргызстанга күйөө бала болуп кала жаздаган экен…

Жаңылыктар түрмөгү
0