БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Баткенде эки агасынын жаш балдарын муунтуп өлтүргөн деп шектелип 21 жаштагы жаран кармалды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына Баткен ШИИБдин башчысы Алмаз Шагамурзаев билдирди.
Аталаган окуя боюнча кабар милицияга 5-июль күнү болжол менен саат 19.20ларда шаардык ооруканадан келип түшкөн.
"Кылмышка шектүү жаран акча урдоо максатында үйгө кирип, ичиндеги жаш балдарды муунтуп өлтүрүп кеткен. Алар бир тууган эки агасынын 9 жана 10 жаштагы балдары болгон. Кылмышка шектелип балдарынан айрылган эки кишинин 21 жаштагы бир тууган иниси бейшемби күнү таңкы саат 4.00дөр чамасында Төрт-Гүл суу сактагычы жактан кармалды", — деди Шагамурзаев.
Учурда кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүрүп жатат.