Көңүлдөшүнөн мурда келип калган аялынан качам деп терезеден секирип кеткен кыз электр зымдарына илинип калган видео тарады.
The Daily Mail басылмасынын маалыматында жарым жылаңач кыз төртүнчү кабаттагы үйдүн терезесинен чыгып, үчүнчү жана экинчи кабаттардын ортосунда калып калган.
Айрым маалымат каражаттарынын айтымында, окуя Ляонин провинциясындагы Бэньси шаар округунун кичи районунда болгон. Илинип калган кызды ылдый түшүрүшкөндөн кийин ооруканага жеткиришкен. Анын кийинки абалы тууралуу азырынча эч кабар жок.