Социалдык дүкөндүн уюштуруучусу, "Руки добра" коомдук фондунун жетекчиси Алена Конореванын айтымында, ар бейшембиде ал жерге 70тей адам келет.
Дүкөндүн ичинен муктаж болгондор тамак-аш, кийим-кечек жана балдар үчүн оюнчуктарды алышат.
Бир жума бою ыктыярчылар ар кайсы компания, ишкана жана жөн гана кайдыгер эмес адамдарга кайрылып, керектүү нерселерди жыйнашат. Жетпей калгандарын өз каражаттарына сатып алышат.
"Биздин катарыбызга кошулууну каалагандырды кубануу менен тосуп алабыз. Алар бизге социалдык тармактар аркылуу байланышса болот. Биз коомдун аялуу катмарына жардам беребиз", — деди ыктыярчы.
Дүкөнгө келген адамдар өздөрүнүн социалдык статусу тууралуу маалым катты ала келиши керек.
Фонд ишмердүүлүгүн кеңейтип, көбүрөөк адамдарга жардам берүү үчүн учурда кошумча имараттарды издеп жатат.