БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. ИИМдин оперативдик кызматкерлери жергиликтүү депутаттын үйүнөн экстремисттик маанайдагы материалдарды табышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Ш.М. аттуу тургуну, жергиликтүү кеңештин депутаты "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөсү деп шектелүүдө.
Тинтүү учурунда анын үйүнөн экстремистик маанайдагы материалдар табылган.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 299-2 беренеси (экстремисттик материалдарды алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.