БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда улгайган аялды жөө адамдар өтө турган жол чийинден унаа койдуруп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына шаардык милициядан кабарлашты.
Кырсык саат 10.00дөр чамасында Москва менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.
Тез жардам кызматынан аталган даректен саат 10.03дө чакыруу түшкөнүн маалымдашты. Бирок медиктер аталган дарекке барганда жабырлануучуну таба алышкан эмес.