БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Оштун Жапалак айылында бир аял Араван каналына агып кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын 27-июнь күнү болгон. Куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, сөөктү туугандары табышкан.
Ал эми ошол эле күнү саат 17:32де Ак-Буура дарыясына алты жашар кыз агып кеткен. Учурда издөө иштери улантылууда.