БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Республика аймагы боюннча 23-июндан 25-июнга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү өлкөдө нөшөрлөп жамгыр жаап, тоолуу аймактарга кар түшүүсү күтүлүүдө.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетип, күндүз абанын температурасы төмөндөйт деп божомолдонууда.
Мындай туруксуз аба ырайы мал жайгандарга, унаа транспортунун, байланыш, энергетикалык жана коммуналдык кызматтарынын иштешине таасирин тийгизиши мүмкүн.