БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Эртеңден тарта туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, жээктерди жууп кетүү коркунучу жаралат. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
Чүй жана Талас өрөөнүндө 31…36 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 32…37 градус, Ысык-Көл менен Нарында 25…30 градус жылуу болот.
Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, 36 градуска чейин жылыйт.