Жума күнүнө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Жума күнү тоолуу аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй менен Талас өрөөнүндө 25…30 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 28…33 градус, Ысык-Көл менен Нарын облусунда 19…24 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, 32 градуска чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0