БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кытайда бала бакчанын алдында жардыруу болгонун борбордук телеканал кабарлады.
Каргашалуу окуя Бишкек убактысы боюнча саат 14:50дө Сюйчжоу шаарында болгон.
"Жардыруудан 66 адам жаракат алып, 7 киши каза болду", — деп жазылат маалыматта.
Жараат алгандардын тогузунун абалы оор экени кабарланат.