… Оор илдетке кабылган алты жашар Мажит Көчөрбаев аба жутуп, дем алуу үчүн күн сайын баасы асманды чапчыган, энесинин чамасы чак келбеген, кымбат дарыларды ичиши зарыл. Оорудан сакайып кетээрине аз калганда көз боемочулар туура 10 миң долларын илип кетип, үй-бүлөнүн үмүтүн таш каптырды.
Бирок кандайдыр бир себептер менен аял виза ала албай калат. Андан соң документтерди даярдоого көмөктөшө турган кайсы бир компаниянын өкүлү менен таанышат. Өзүнө жана үч уулуна виза жасатыш үчүн далбастаган эне үйүн сатып, эптеп 10 миң доллар чогулткан. Германиядагы аэропорттон рейс алмаштырып жатканда… чек арачылар алардын документтери жасалма экендигин аныкташкан.
Өң-алеттен кеткен аял ортомчу ишкананын кеңсесине барат. Акыркы акчасын кайтарып бергиле деп тизелеп жалынып-жалбарат. Бирок аны кууп чыгышат. Документтерди жасаган фирманын өкүлү жашырынып, эч нерсе билбеген түр көрсөтөт. Акчасын кайтарып беришин өтүнө прокуратурага арыз менен кайрылган, президенттин атына кат жазган, бирок маселе оң жакка чечилген эмес.
Бул окуяны зарылып тургандарга акча топтоого көмөктөшкөн ыктыярчы Надежда Хохлова айтып берди. Анын айтымында, кайрымдуулуктан пайда табууну көксөгөндөр аз эмес. Көз боемочулар башкасынын гана эмес, өз дартынын аркасы менен да акча табууга чейин барышат. Мындай адамдарда ыплас акча жасоонун бир нече ыкмасы бар.
Сызга отургузуунун чеги жок сымал…
Хохлова айткандай, көз боемочулар муктаж адамдардын аргасыз болуп зарыгып турганынан пайдаланышат. Маселен, фонд же бир киши кайрымдуулук концертин уюштуруп, түшкөн акчанын баарын өзүнө алып коюшу ыктымал.
"Кайсы бир фонду "топтолгон каражат эки ымыркайды дарылоого которулат" деген убада менен концерт уюштурат. Бирок ата-энелер бир да тыйын алган эмес. Уюштуруучулар аларга бардык каражат залдын ижарасына жана артисттерге төлөндү деп алакан жайып коюшкан. А чындыгында ырчылар мындай иш-чараларда бекер ырдап беришет", — деди ыктыярчы.
Бирок көбүнчө ыктыярчылар сыр бербеш үчүн Интернет аркылуу акча чогултууну сунуштап, ал эми каражат чогулганда куйругун карматпай кетет.
Сизге гуманитардык жардам келди десе да, сак болуңуз
Бишкектин 70 жаштагы тургуну Татьяна Кожина да мындай кайырмакка илинип кала жаздаган. Быйыл мартта үйү урап, сарайда жашоого аргасыз болгон.
Өз алдынча жаңыдан үй тургузуп аларына ишенип, эч кимге жардам сурап кайрылган эмес. Бирок коңшулары алты миң сомдук пенсиясына маселеси чечилбесин билип, биздин агенттикке бирөө-жарым кол сунуп калар деген үмүттө анын абалын чагылдыруу өтүнүчү менен кайрылган.
Кайдыгер карабаган адамдар чындап эле телефон чалышкан. Кожина бирок арасынан бири киши шек жаратканын айтты. Акырында байбичеден боорукер сөрөй өзү акча сураптыр.
"Бирөө мага гуманитардык жардам жибергенин, бирок ага акчасы жоктугунан байланыша албай жатканын, ал үчүн телефон балансын толукташым керектигин айтты. Албетте, ишенген жокмун. Кийин мага темир тор артындагы адамдар ушинтип чалып, акча табышарын түшүндүрүп беришти", — деди пенсионер.
Жакаңды карматкан учурлар
Жардамга муктаж абалдан чыгып алып да, акча чогултууну уланткандар болоруна кейийт ыктыярчы Надежда Хохлова. Ал иштеген фондуга бир киши баласынын оорусунан улам жардамга муктаж экендигин тастыктаган документтерди жиберген. Кийин ал бала сакайганы анык болуп чыккан.
Ал эрксизден жакаңды карматкан дагы бир фактыны айтып берди.
"Жаман кеселден каза болгон баланын ата-энеси боорукер адамдардан жардам ала берген. Сөөктү жерге берип жаткан маалда да телефонго жооп берип, банк реквизиттерин айтканга даашкан. Бирок эми мындайлар чанда кездешет", — деп түшүндүрөт Хохлова.
Эсепти алмаштыруу
Милиция буга эмне дейт?
Таңгалыштуусу — мындай иштер милицияга жетпейт, же басма сөз беттеринде айтылбайт. Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери Умар Жунусов кайрымдуулук ишине байланышкан бир гана ишти эстеди.
Жарым жылдан ашуун убакыт мурда Бишкекте "Көмөк көрсөтүү үчүн пенсионерлерди аныктоочу россиялык комиссиянын" түшүнүксүз бир кызматкерлери пайда болгон. Алар улгайгандардын акчаларын алдап алган деп шектелген. Аларды кайырмагына илинген ири курмандык — 83 жаштагы Маргарита Черткова болгон. Комиссиянын кызматкерлерине ал 939 миң сомун кармата берген.
"Пенсионерлерди алдоо боюнча жалпы он бештей учур катталган. Кайрымдуулукту шылтоолоп, алар карыяларга каражаттарын көбөйтүү үчүн эсебине салууну сунушташкан", — деди милиция өкүлү.
Азыркы тапта тергөө аяктап, шектүү делген жети адамга козголгон кылмыш иши сотко өткөрүлгөн.
Алданбаштын аргасы барбы?
"Бизде ооруканалар көп эмес, ошондуктан маалыматты текшерүү анча деле кыйын эмес. Андан тышкары, маалымат каражаттарында жарыяланып-жарыяланбаганына көңүл буруш керек. Адатта журналисттер баарын текшерген соң гана материалды чыгарат эмеспи", — деди ыктыярчы.
Ички иштер министрлиги эгер көз боемочулар сизди алдап койсо же муктаж адамдар алардын атынан башка бирөөлөр акча топтоп жатканын байкап калышса, милицияга дароо кайрылууну өтүнөт.