Sputnik Кыргызстан агенттигине этнограф Октябрь Капалбаев жарамазанга байланыштуу жасалбай турган нерселерди түшүндүрүп берди.
Жарамазан күндүз айтылбайт. Көчмөн кыргыз эли малын короого киргизип, ооз ачкандан кийин гана оюн-зоокту башташкан. Буга ылайык жарамазан да кеч кирип элдер ооз ачканда айтылган.
Кичине балдар айтпайт. Жарамазанды балакаттан өткөн, башкача айтканда, 12 жаштан өтүп бойго жеткен бозой жигиттер айткан. Алар жарамазанды да жөн эле айтып койбой маани-маңызына жараша аспаптын коштоосу менен ырдашкан.
Кыздар айтканга болбойт. Жарамазанды эч качан кыздар айткан эмес. Элибизде кыз киши бир үйгө ырдап бармак түгүл, караңгыда сыртка чыккан эмес.
Жарамазанды бир үйгө эки-үч жолу айтпайт. Азыр жарамазан айткан жаш балдарга элдер акча берип жаман көндүрүшкөн. Мындан улам алар да акча берген үйлөрдү билип алышат да ошол үйгө күнүгө, ал тургай бир күндө эки жолу барып айтып жаман көрүнүшөт.
Эптеп-септеп айтпайт. Жарамазан өзү бир-эки саат ырдала турган ыр. Аны да куюлуштура ырдаган акындык өнөрү бар жигиттер айткан. Азыр кичине балдар төрт-беш сап жаттап алат да, үйдүн ээси чыкса дароо бата бере калат.
Жарамазан айткандарды кур кол кетирбейт. Кыргыз эшигинин алдына келген кишини эч качан кубалап, кет деген эмес. Ал тургай душманы келсе да тосуп алган. Келген адамды кур ооз кетирбей жок дегенде даам ооз тийгизип, жарамазан айтып келгендерге бир нерсе салып берген.
Жалгыз киши айтпайт. Жарамазан жамаат менен айтыла турган ыр. Жок дегенде 5-6 адам чыгып ар түрдүү аспаптардын коштоосунда үй ээсинин көңүлүн көтөрүп ырдашкан. Ошондо гана үй ээси колдон келсе үйүнө киргизип тамак берип же колунан келген нерсесин салып берген.
Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын 2017-жылдын Орозо календарынан караңыздар>>