00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Орозо кармагандарга тиешелүү 9 "болбойт"

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүНамаз окуп жаткан мусулман. Архив
Намаз окуп жаткан мусулман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мусулман коомчулугу чыдамсыздык менен күткөн орозо айы да жакындап, бул жылы ыйык рамазан айы 27-майда баштала турганын муфтияттан кабарлашты. Бул айда орозо кармагандар бир гана организмин тазалабастан, ниетин да агартуусу зарыл.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына муфтийдин орун басары Замир кары Ракыев орозо кармай турган адамдар жасоого болбой турган нерселерди айтып берди.

Муфтийдин орун басары Замир кары Ракиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Радио
Ракиев: ушак айтуу менен сөгүнүү орозону бузат
Ооз бекиткенден ооз ачарга чейин атайылап тамак ичүүгө болбойт. Орозо башталганда алгач адам бир аз кыйналышы ыктымал, бирок эки-үч күндөн кийин организм көнүп кетет. Андыктан орозо кармаган адамдар курсагы ачып же суусап кетсе атайылап тамак ичип албашы керек. Ал эми оозу бек аялдар тамак жасап жатып тамактын тузун көрсө болот, бирок аны жутпаш керек.

Дары ичип, ийне сайдырбайт. Эгер абалы оорлоп бара жатса ооз ачып ден-соолукту чыңдоо зарыл. Орозону кыйналып кармабаш керек.

Чылым, кальян, насвайга уруксат берилбейт. Мындай учурда адамдын оозу ачылып калат. Орозо бир чети ушул сыяктуу жаман адаттардан арылтууга да жардам берет.

Ооз толтура кусканга болбойт. Мындай учурда ал адамдын оозу ачылды деп эсептелип калат. Ал эми денеден, ооздон кан же ириң чыкса ооз ачылбайт.

Ушак айтып, жаңжалдашып, урушпаш керек. Орозо бир гана ашказандыкы эмес. Тилдин, көздүн, кулактын да орозосу болот. Бул ушак сөздөн, бирөөнү жамандоодон, урушуп, жаңжалдашуудан арылуу деген маанинин туюндурат. Ошондой эле орозо кармаган адам сөгүнүп, адам көңүлүн калтырган жаман сөз да айтуудан алыс болушу керек.

Битир-садага чогултуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муфтият битир-садаганын баасын бекитти
Тыюу салынган нерселерди карабаш керек. Көздүн орозосу ыплас нерселерди кароону тыят. Андыктан жаман нерселерди карабай, орозону бузуп албоого аракет кылыңыз.

Кулакка, мурунга суу киргизгенге болбойт. Орозо айы жай айына туш келип калгандыктан, адам катуу ысып, оор жумуштарда иштесе сууга түшүп, жуунууга уруксат берилген. Бирок кулак менен мурунга суу киргизбеш керек.

Оозду атайылап бекитпей уктап калганга болбойт. Колдон келсе саарлыкка туруп, жакшы ниет, тилектер менен ооз жабуу зарыл.

Тиш паста пайдаланганга болбойт. Ооз бек учурда тиш паста эмес, мисвак (атайын дарактан тиш тазалоо үчүн алынган бутак — ред.) менен тазалаш керек. Бирок пастасы жок тиш щетка менен тазалоого уруксат. Тиш пастаны оозду жабаарда же ачкандан кийин колдонсоңуз болот.

Кайсы убакта ооз ачып, кайсы маалда ооз бекитүү керектигин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган календардан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0