БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жалал-Абаддын Базар-Коргон районуна караштуу Талды-Булак айылында сууга агып кеткен кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Эске сала кетсек, 3-июнь күнү төрт жаштагы наристе Кара-Үңкүр дарыясына агып кеткендиги кабарланган.
Издөө иштерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, 5-июнь күнү саат 19:00дө агып кеткен кыздын сөөгү табылган.