БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда 4 жашар кыз Кара-Үңкүр дарыясына агып кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда болгон.
"Кызды издөө иштерине 12 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, бирок табылган эмес", — деп жазылат маалыматта.
Учурда издөө иштери улантылууда.