БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Бишкекте "Китепкөй коом" аттуу китеп жарманкеси өтөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, китеп жарманкеси үстүбүздөгү жылдын 2-июнь күнү саат 10.00дө Кыргызстан ислам университетинде өтөт.
"Иш-чара Кыргызстан ислам университети тарабынан уюштурулуп, кызыктуу лекциялар менен коштолот", — деп жазылат маалыматта.
Лекцияны белгилүү теолог Кадыр Маликов баштаган аалымдар окушат.