БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Шымкентте төрт жашар баласын күрөк менен башка чаап кордогон киши укук корго органдары тарабынан кармалды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.
Соцтармактарда 25-май күнү белгисиз киши жаш баланы сабап жаткан видео тараган. Андагы эркек киши кичинекей баланы дөңгөлөктөрдүн ортосуна камап алып күрөк менен башка чаап жатканы көрүнүп турат.
Бул иш боюнча полиция 27-майда шектүү катары жабырлануучу баланын 49 жаштагы атасын колго түшүргөн.
Аты-жөнүн жашыруу менен видеону жөнөткөн жарандын айтымында, күн сайын баланын денелери канап, көк ала кетпей атасынан кордук көрүп жүргөн. Мындан сырткары, аны кирпич менен да уруп келгени айтылууда.
Учурда бул иш боюнча экспертиза дайындалып, тергөөчүлөр ишин баштады.