Чырмаш Төрөбеков: Акаевдин айынан көзүм көрбөй калган

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаслуженный артист Кыргызской Республики Чырмаш Торобеков
Заслуженный артист Кыргызской Республики Чырмаш Торобеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыздын Баскову" атка конгон КРдин Эмгек сиңирген артисти, опера ырчысы Чырмаш Төрөбеков журналист Гүлдана Талантбекова менен чыгармачылыгы туурасында ой бөлүштү.
Белгилүү ырчы Чырмаш Төрөбеков Жолдубай Кайыповдун "Ата-энеме" ырын аткарып берди

Адатта биз чыгармачыл маектештерибизге "сүрөткө тартабыз, ырдатабыз-бийлетебиз, кыскасы бар өнөрдү тартуулоого даяр келиңиз" деп эскертебиз. Мындай сунушту уккан Чырмаш мырза "ой, эми бизди уктап жатканда тургузсаңар деле ырдап беребиз го" деп жаткан, бирок эмнегедир студияга жөтөлүп кирип келди.

— Сизге эмне болгон? Кечээ эле жакшынакай эмес белеңиз?

— Көк чөп көтөрүлгөндөн бери аллергия менен алышмай башталат. Мурдубуз бүтүп, сүйлөгөндө, ырдаганда ушинтип тоскоолдукка кабылып калабыз.

— Дагы кандай ыңгайсыздыктарга туш болосуз?

Фольклор ырчысы Гүлнара Раймалиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Комуз менен 20 тилде ырдаган Гүлнара Раймалиева: хинди жана урду тили оор экен
— Кээде ырдаарга чукул мурдум бүтүп, көзүм кызарып, чүчкүрүп кыйнала баштайм. Атайын суюк дарыларды куябыз. Ал кээде мурундан агып да кетет. Бир жолу олуттуу ыр ырдап жатсам көзүмөн жаш токтобойт. Эл аны чыгарманы берилип аткарды деп түшүнүп алып, токтобой кол чапкан.

Сахна артында кесиптештер менен тамашалашып отуруп калабыз. Ошондой бир учурда концерттин алып баруучусу Дүйшөн Байтөбөтов агабыз Бакыт экөөбүздү "силерди Бакыт Шатенов, Чырмаш Төрөбеков деп чакырам да" деп жакшы эле даярданып жаткан. Анан сахнага чыгып КРдин Эмгек сиңирген артисти "Бакыт Чырмашов" дегенде оркестр да ойной албай быкшып барып токтогон.

— Операнын тили менен айтканда учурда үнүңүз кандай бийиктикке жетти?

— Ар бир адамдын диапазону ар кандай. Меники 1,5 октава. Үнүм лирикалык баритонго кирет. Тенор үндүүлөр менен да чыгармаларды аткарып турам.

— Маселен, россиялык Витас, боордош казактардын Димаш Кудайберген сыяктуу опера ырчыларынын үнү айнекти жарчудай бир укмуштуудай сезилет. Мындай үндөр кайдан келет?

— Өзгөчө үндөр табияттан болот. Маселен, 6-7 жаштагы балдар чыйылдап ырдайт. Өткөөл куракта үн жооноюп өзгөрө баштайт. Ал эми сиз айтып өткөн жигиттердин үнү бала чагынан калып калган. Бул учурда диапазон каалашынча чоюла берет. Окуу жайдагы окутуучулар дагы балдардын диапазонун кеңейтүүгө аракет кылып, жардам беришет. 

Өнөрпоз италиялыктардын "Санта Лючия" чыгармасын созду

— Үнүңүздү кантип багасыз?

— Кудай берген үндү сактаганды билиш керек. Үндүн биринчи душманы — суук. Жайдын аптабы деп балмуздак деле жей албайбыз. Негизи эле адам ишмердигинде саламаттык маанилүү деп айтаар элем.

— Кандайдыр бир өзгөчө ыкмалар менен кам көрөсүзбү?

— "Чийки жумуртка ичесиңерби" деп сурагандар арбын. Мен бир да жолу колдонгон эмесмин, жардам берээрине деле ишенбейм. Үндү өз калыбында кармаш үчүн убагында уктап, өз маалында тамагыңды жеген эле жетиштүү.

— Түшүнүктүү. 1990-жылы кыргыз маданиятына эстрадалык жанр бир топ эле бүлүк салды окшойт. Сиз эмне үчүн ал кезде опера жанрын тандап алгансыз?

Оперный певец Булат Минжилкиев - Sputnik Кыргызстан
Болот Миңжылкыев. Таланттуу опера ырчысынын элесине сүртүмдөр
— Мектепти бүткөндөн кийин Улуттук филармониянын алдындагы эки жылдык студиянын дикторлук бөлүмүнө тапшырдым. Ал ортодо бир айдан кийин экзаменге келем деп айылга кеткем. Кайра келсем балдар экзамен тапшырып жатыптыр. Эстебес Турсуналиев, Асанкалый Керимбаев агаларыбыз отуруптур. Экзаменде Исрадин Аманбаевдин "Мөл булак" деген ырын ырдап, ноталарды жаңылбай айтып бердим. Үнүмдү жактырып опера жана балет окуу жайына баруумду сунушташкан. Ал жактан СССРдин Эл артисти Токтонаалы Сейиталиевдин классына кошулдум.

— Улуттук филармонияда эмгектенип келесиз. Бирок Мамлекеттик опера жана балет театры опера ырчыларынын уюгу эмеспи?

— Дарак бир жерден көгөрөт деп коет. 4-курста консерваторияда окуп жүргөндө улуттук университетке барып ырдап калдым. Ошондо СССРдин Эл артисти Асанкан Жумакматов талантымды байкап, "8-мартта Каныкей Эралиеванын "Сени күтүү" деген ырын аткарасың" деп тапшырма берди. Ал концертке Аскар Акаев да келет дегенди угуп абдан толкундандым. Анын үстүнө биринчи жолу симфониялык оркестрдин коштоосунда ырдамакмын. Эмне болгонун билбейм, катуу толкундангандыктан кыймылдабай, көзүм эч нерсени көрбөй ырдаптырмын. Бир карасам, Акаев баш болуп залдагы элдин баары туруп алып токтобой кол чаап жатышыпыр. Сахнанын аркасына барсам бардыгы "азамат" деп далыга тапташты. Анан кайра чакыртып үчүнчү куплетин ырдатышты. Окуп жүргөндө балдарга "мен кийин ырдаганда эл туруп алып кол чабат" десем күлүшчү.

— Сизди "кыргыздын Николай Баскову" деп айтып жүрүшөт. Өзүңүз мындай сөздөрдү кандай кабыл аласыз?

— Эл сага жакшы жагынан баа берип жатса, албетте, жагымдуу. Аткарган чыгармалардан улам ошентип айтышат. Себеби Басковдун репертуарындагы чет элдик ырларды биз дагы аткарабыз.

— Сахнада олуттуу көрүнгөнүңүз менен жашоодо позитивдүү адам экенсиз…

— Көбү чыкыйган галстук, костюм кийип жүрсөм өтө олуттуу адам экен деп ойлошот. Жашоодо адамдардын көңүлүн көтөрүп, тамашалап сүйлөйм. Куудулдукка да салып жиберем.

— Тойлорго да кызмат кыласызбы?

— Заманга жараша бардыгын жасаганга туура келет. Бир эле классикалык жанр менен чектелгенге болбойт. Элдик, эстрадалык, классикалык ырлардын топтомун чогуу алып жүрөбүз. Тойдогу опера сүйүүчүлөргө Италиянын ырларын аткарып беребиз. Баасы сүйлөшкөнгө жараша.

Маданият жана искусство университетинин Социалдык маданий ишмердик кафедрасынын башчысы, белгилүү актер Назым Мендебаиров маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Назым Мендебаиров: Айтматовду окуп да, ыйлап да жаттым… ушундай бир бугум чыкты
— Кызыккандарга үй-бүлөңүз тууралуу да айтып берсеңиз?

— Жубайым экөөбүздүн бир кыз, бир уулубуз бар. Келинчегим менен университетте чогуу окуганбыз, комуз чертет. Балдар төрөлгөндө чыгармачылыктан алыстап, кесибин алмаштырган. Кызым медициналык окуу жайдын 4-курсунда окуйт. Уулум жолумду жолдоп Мукаш Абдраев атындагы мектептин флейта бөлүмүнүн 6-классын бүтүп жатат.

— Алдыда кандай пландар, ой-максаттар бар?

— Кечээ жакында Улуттук филармониянын 80 кишиден турган жамааты Ош шаарына концерт берип келдик. Эл жандуу концертке суусап калыптыр. Өзүбүз да жылуу маанайда кайттык. Июль айынын башында Москва шаарында кыргыз маданиятынын күндөрү өтөт. Эс алууга кеткенге чейин ушул иш менен алек болобуз.

Демөөрчүлөр чыкса күзүндө жеке концертимди берейин деген максатым бар. Бардыгы каражатка барып такалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0