Жума күнүнө карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПовседневная жизнь
Повседневная жизнь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.

БИШКЕК, 25-май. — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, бийик тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.

"Борбор калаа менен Ошто жаан жаап, аба ырайы 27 градуска чейин көтөрүлөт", — деп жазылат маалыматта.

Чүй менен Талас өрөөнүндө 26…28 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда 24…29 градус, Ысык-Көл менен Нарын облусунда 24…26 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0