БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Сүймөнкул Чокморовдун өнөркана музейи шаардыктар үчүн эшигин биринчи жолу ачат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Калаанын Маданият башкармалыгынын маалыматына ылайык, өнөркана музейи менен бардык каалоочулар 26-майда таанышса болот.
"Музейге келгендер белгилүү актер, каскадер жана сүрөтчүнүн эмгектери менен тааныша алат", — деп айтылат маалыматта.
Өнөркана музейи Токтогул көчөсү 170 (Исанов менен кесилишет) дарегинде жайгашкан.
СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. 1992-жылы Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан.