БИШКЕК, 19-май. — Sputnik. Канаданын Монреаль шаарында кыргызстандык Дмитрий Кайдалов каза болду. Бул тууралуу жарандык активист Бек Татибеков Кыргызстандын Вашингтондогу элчилигине шилтеме берүү менен Facebook баракчасына жазып чыкты.
34 жаштагы жарандын сөөгү кечээ күнү полиция тарабынан табылган. Киши эмнеден улам каза болгону азырынча айтыла элек.
"Кыргызстандыктын сөөгү жубайы жана досу тарабынан таанылды", — деп Татибеков жазды.
Маркумдун сөөгүн мекенге жөнөтүү үчүн АКШ менен Канадада жашаган мекендештер каражат топтоп жатышат.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы бул маалыматты тактап жатканын Sputnik агенттигине билдирди.