БИШКЕК, 18-май. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бир күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Иш сапаранын алкагында өкмөт башчы "Түндүк-Түштүк" жолунун курулушу менен таанышып, Жумгалдагы ветеринардык клиниканын ишинен кабар алат.
Мындан сырткары, Кочкордогу мал союучу цехти, суу кампаны кыдырып, Чекилдек жана Чаек айылындагы мектептердин курулушу менен таанышат.