БИШКЕК, 18-май. — Sputnik. Венгрия сунуштаган гранттык орундарга жалаң Жогорку Кеңеш менен өкмөттө иштегендердин балдарынын тизмеси кеткен. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.
Эл өкүлү жөнөкөй окуучулардын документтери табышмактуу түрдө жөнөтүлбөй калгандыгын баса белгиледи.
"Венгрия менен 25 студентти акысыз окутуу боюнча грантка кол коюлган. Бирок тандоо учурунда арыз берген 100дөгөн балдардын документтери жиберилген эмес. Алардын ордуна Билим берүү министрлиги өкмөттө, ЖКда иштегендердин балдарынан турган тизмени жөнөтүшкөн", — деди депутат.
Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги Венгрия сунуштаган гранттык орундар боюнча маалымат министрликтин сайтына жана массалык маалымат каражаттарына жарыяланганын билдирди.
Ага ылайык, студенттерди тандоо үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлүп, тандоо турун дал ошол комитет өткөргөн.
"Уюштуруу комитетине "Патриот KG" бирикмесинин өкүлдөрү жана жарандык коомдун активисттери кирип, окууга өтүү үчүн жалпысынан 118 адамдын кайрылуусу келип түшкөн", — деп жазылат маалыматта.
Министрлик тандоодо атайын талаптар коюлганын кошумчалап, талапкерлердин арасында жакшы окугандар, чет тилин билгендиги тууралуу сертификаты барлар жана жеке жетишкендиктери жогору болгондор биринчи турдан өткөнүн кошумчалады.
Ал эми экинчи турду Венгрия тарап өткөрөт.