БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыргызстандын Талас облусунда жер титирегенин Европалык жер ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун сайтында жарыяланды.
M4.7 #earthquake strikes 51 km SW of #Talas (#Kyrgyzstan) 10 min ago. Effects reported by witnesses: pic.twitter.com/gwEAmNltSY
— EMSC (@LastQuake) 16 мая 2017 г.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Талас облусунда жайгашкан.
"Жер титирөө Таластан түштүк-батышты карай 77 чакырым, Таш-Көмүр шаарынан 69 чакырым түндүк-батышты карай 77 чакырым алыстыкта жайгашкан", — деп айтылат маалыматта.
Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:07де катталып, очогунда жердин силкинүүсү 5,5 баллга жеткен.
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы жер титирөө боюнча маалыматтар такталып жатканын билдирди.