БИШКЕК, 16-май — Sputnik. КР президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгы эмеректерди химиялык тазалоодон өткөрүү үчүн тендер жарыялады. Мындай кулактандыруу мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган.
Тендердик билдирмеде "өтө зарыл" деп белгиленген сынак эки күндөн кийин өткөрүлөт.
Химиялык тазалоодон 210 стол, 160 даана жумшак эмерек жана 2 862 чарчы метр килемди өткөрүү пландалып жатат.
Маалыматка караганда, алар жаныбарлардын издеринен, жүндөрүнөн жана башка кирден тазаланышы зарыл.
Бул максатка республикалык бюджеттен 363 миң 200 сом бөлүнөт. Өкмөттүн имаратына эмеректер менен килемди булгай турган жаныбарлар кайдан киргенин иш башкармалыктан түшүндүрүшкөн